Улуу британиялык тургун металл издөөчү аппараттын жардамы менен 2000 жыл мурда жасалган зер буюм таап алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 64 жаштагы Рэй Пьюзи 30 жылдан бери металл издөөчү аппарат менен ар кандай байыркы буюмдарды издөөнү хоббисине айландырган. Ал Британиянын Бакингемшир графтыгынын аймагындагы талаада издөө иштерин жүргүзүп жатып, жездин эритмесинен жасалып, кызыл айнек менен кооздолгон зер буюмду таап алган. Эксперттер аны 2000 жыл мурун жасалып, кельт уруусунун кол башчысына таандык болгон деп божомолдошкон.
Пьюзи табылгасын аукционго коюп 55 миң фунт стерлингге (болжол менен 6 жарым миллион сом) саткан. Ал жергиликтүү журналисттерге акчасын зер буюм табылган талаанын ээси менен бөлүшүүнү көздөп жатканын айткан.