Нигерияда Бириккен улуттар уюмунун кызматкерлерин куралдуу адамдар туткунга алып алышты

Нигерияда Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) базасына жана гуманитардык жардам борборуна куралдуу адамдар кол салышты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, куралдуу адамдар кол салган жайда БУУнун кызматкерлери болгон.

"Гуманитардык жардам борбору куралдуу адамдар тарабынан өрттөлдү жана толук күйүп кетти. Бактыга жараша, кызматкерлерибиз жабыр тарткан жок. Учурда 25 кызматкер куралдуу адамдардын колунда", - деп жазылат басылмалардын маалыматында.

Ошондой эле окуя иликтенип жатканы, дагы кошумча маалыматтар берилери айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан