Кыргыз мигранттарынын 90 пайызы мекенине кайтып келишет. Бул тууралуу бүгүн «КР миграция саясатынын концепциясын иштеп чыгуу» изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын талкуулаган тегерек столдо белгилүү болду. «Бул миграциянын эмгекке гана багытталганын далилдейт. Эгерде этникалык пикир келишпестиктер болсо, 36 пайызы мекенине кайтып келерин билдиришти. Жашоосуна коркунуч пайда болсо, 12,7 пайыз, Орусияда экономикалык абал начарласа, 8,3 пайыз эмгек мигранттары Кыргызстанга кайтып келерин айтышты»,- дейт эксперт Максат Мамырканов. Изилдөөлөрдө көпчүлүк эмгек мигранттары ден соолугунун начарлап кеткенин, үй-бүлөдөгү мамиленин татаалдашканын, турак жай көйгөйүн, суук климат жана күнүмдүк жашоо үчүн чыгымдардын көптүгүн белгилешкен. Сурамжылоо Кыргызстандын жана Орусиянын аймагында жүргүзүлүп, ага 860 киши катышкан. Мындан сырткары аэропортто, базарда, темир жол бекеттеринде жана Интернет аркылуу изилдөөлөр жүргүзүлгөн.