Кримтөбөл Камчы Көлбаев эркиндикке чыкты

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде эркиндикке чыккан. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарган.

Буга чейин Көлбаевдин камактагы мөөнөтү №47 түзөтүү колониясында 22-мартка чейин узартылган. Тагыраагы, 17-февралда кабыл алынган.

Эске салсак, крим авторитет Камчы Көлбаев 2020-жылдын 22-октябрында кармалган. Ал 23-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары жүрүп жаткан учурда УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Ага карата "кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кийин 2-ноябрда №47 абакка которулган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
dkrf
2021-03-02 18:37:32
К.Ташиев криминалга багынып бериптир. Бузулган коомдо кылмышкерлер - мыйзамга, прокурор, соттор- Кудайга айланышат. Баары онтоп жатышат: мыйзам жок, ээнбаштык. Система улак таризинде. "Мен ишенем - ишенбейм", "уурдап кетти, же качып кетти", "ушундай адам мүмкүн беле же мүмкүн эмес" деңгээлинде.
+4
Baktiyar731
2021-03-02 18:40:38
Мен башында эле ишенбей шайлаган эмес элем, туура кылыпмын.
+4
Adi010891
2021-03-02 18:51:58
Baktiyar731,мен баарына каршы деп бергем, туура эле болуптур
+4
batleybesh
2021-03-02 18:41:35
Бир Жума 10 кундон кийин Кайра камагыла фильм сыяктуу кылп
+3
bond02
2021-03-02 19:12:25
Эхх кайран Бакиев аргасыздан эстейбиз да, атангору Максим, ОПГ, криминал, бай копосторду ГКНБ, МВД, Прокуратурасы жок эле озу ирээтке келтирип турчу да.
+6
dkrf
2021-03-02 19:34:18
bond02,
Иии ары жок. Ак уйдун башына жашынып алып, снайпер менен элди кырганы тарыхта калды го.
-14
bond02
2021-03-02 20:24:30
dkrf,Бакиев аттырган деген бир да факты жок, далилдей албай жатышат го. Ошондо Бакиевди куугандар азыр башын мыкчып аттин кылып журушот го, бекер кылган экенбиз деп.
+12
Mister-XXX
2021-03-03 01:31:07
dkrf,Ошол снайперлер Ош окуясында да болгон.Ал эми Ош окуясында Бакиев Кыргызстанда жок эле.Анда ким аткан деп ойлойсуз?
+3
Bolotbek9191
2021-03-02 19:43:29
Мен башындале ойлогом чыгат деп кыскасы бизге такыр мамлекеттик жумушта иштебеген таза ыймандуу бироону шайлап корушубуз керек баардык чиновники дыйкан же мигрант кылып айдаш керек ошондо онолушубуз мумкун
+2
Rusbayastan
2021-03-02 19:55:10
Биз жакын арада онолушубуз кыйын,баары эле чыгып жатышат.
+3
bond0202
2021-03-02 19:56:54
Садыр алга деп кыйкыргандар не дейсинер эми.дагы кыйкыргыла
+3
al-abu-kinesz
2021-03-03 01:57:02
bond0202, алга Садыр Нургожоевич!
-4
karapayim
2021-03-02 20:16:08
Баягы баягы... койчумандын таягы)))....
Кыргызстан не изменится никогда!!!
+2
Shabi
2021-03-02 20:19:57
Спдырдын ДАКАНСА лары жоксунар го.кудай коруп шайладынар эле го
+4
al-abu-kinesz
2021-03-03 02:02:45
Shabi, боктон мончок таптынарбы, Садыр брат озу билет, кааласа бошотот, кааласа Путин берген кылыч менен кыя чабат. Болдубу?
-1
Gulina90
2021-03-02 20:41:34
Темадан сырткары.Шайлоо болгондо ойлонуп шайлашыбыз кк эле,депутаттарды дагы, эмне үчүн жолугушууга келишкенде пасобия жөнүндө сөз кылбайбыз,анын ордуна канча берет экен деп бир кундукту ойлойбуз.Башка мамлекетте бардык уй-булоо жөлөк пул алат.Биздечи үйүбүздү кемире тургансып үйүн бар дешет.
+1
bratanyn
2021-03-02 22:26:25
Баягы эле баягы.Качан өнүгөбүз.
+1
tsunse
2021-03-02 23:34:43
Ооба башында мен да ишенгем, Садыр менен Камчы мамлекетибизди как Сингапур кылат деп. Эми ал ишеничим жок.
+1
al-abu-kinesz
2021-03-03 01:55:47
Садыр Жапаров жакпаса эмки шайлоодо сыйкырчы шайлап алгыла. Эртен менен ворлорду, туштон кийин коррупционерлерди жок кылып, кечке маал чек араны чечип,тункусун карызды толоп эртеси Кыргызстанды Бейишстан кылып кое ала турганын издеп таап коюп алгыла.
0
Nursultan2508
2021-03-03 10:30:23
al-abu-kinesz,
0
Bolotbek9191
2021-03-03 02:44:04
Президент болгондо созсуз эле сыйкырчы болуш шарт эмесда бийлик колунда туруп Бир Крим авторитетом камай албаса анда таза киши эмес деген соз
+1
PeRa
2021-03-04 02:36:07
Эртең мунусу дагы депутат болсо керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан