Садыр Жапаров Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

Бүгүн, 2-мартта президент Садыр Жапаров Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүү жолдору боюнча пикир алмашты.

Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровдун келишин кубаттап, өткөн президенттик шайлоодо кыргыз эли ага чоң ишеним артканын белгиледи.

Ал Садыр Жапаровго кыргыз элинин жаркын келечегин куруу жолундагы ишине ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын алкагында Казакстан менен Кыргыз өлкөсүнүн президенттеринин ортосунда болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуулугуна токтолду.

Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевдин салмактуу ички жана тышкы саясатынын натыйжасында Казакстан эл аралык аренада алдыңкы орундарды ээлеп тургандыгын айтып, ага чоң кадыр-баркка ээ мамлекеттик ишмер катары урматтоосун билдирди.

Кыргыз эли оор мезгилдерде Казакстан тарап туруктуу көрсөтүп келген жардамды эч качан унутпасын белгиледи. Садыр Жапаров мындай тили жана каада-салты окшош элдердин ортосунда чечилбеген көйгөйлөр болбошу керектигин өзгөчө белгилеп, биргелешип өнүгүүгө даяр экендигин айтты. Ал инвесторлордун, анын ичинде Казакстандан келген инвесторлордун укуктарын коргоого толук кепилдик бере тургандыгын кошумчалады.

Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевдин Борбордук Азия аймагынын коопсуздугун, эл аралык интеграциясын жана экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган күч-аракеттери тарыхта каларына бекем ишенерин айтты.

Ошондой эле мамлекет башчысы анын Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү жана достук мамилелерди орнотууга кошкон салымын жогору баалады.

"Боордош Казакстанга биринчи мамлекеттик сапар менен келүү биз үчүн чоң сыймык. Эки элдин ортосунда түзүлгөн бир туугандык жылуу мамилени сиздин колдооңуз менен сактап калууга жана андан ары өнүктүрүүгө умтулабыз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rahat.
2021-03-02 22:22:39
Барган жеринер кандай онугуп жатат жакшылап коруп келсенер анан ойлонуп мамлекетибизди кантип ошолорго жеткизип андан ашырабыз ошону ойлонуш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан