Садыр Жапаров Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин музейине барды

Бүгүн, 2-мартта президент Садыр Жапаров Нур-Султан шаарындагы Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин музейине барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысына музейдин ачылышы жана анын экспонаттары тууралуу айтып беришти.

Нурсултан Назарбаевдин өмүр жолуна арналган музей былтыркы жылы 1-октябрда ачылган. Аянты 40 миң чарчы метрди түзгөн бул музейде Казакстандын туңгуч президентинин жеке коллекциясынан алынган уникалдуу буюмдар жана Казакстан мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүн баяндаган экспонаттар сакталат.

Музейде ошондой эле Нурсултан Назарбаевге Кыргыз өлкөсүнөн тапшырылган бир нече белектер да орун алган.

Садыр Жапаров музей фондунун байлыгын жана ар түрдүүлүгүн белгилеп, кызматкерлерге кызыктуу экскурсия уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы жети өзгөчө көргөзмө залдан турган музейди көрүп чыккан соң музейдин электрондук китебине каалоо-тилектерин калтырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан