Эртең, 3-мартта Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Акыл Кемелов ант берет. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
"Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси боюнча Максат Сабировдун ордуна депутат болуп келди.
Спорт чебери Акыл Кемелов 37 жашта. Ал 2016-жылдан бери "Кулатуу эр таймаш" федерациясынын Ысык-Көл облусу боюнча президенти кызматын аркалап келет.
24-февралда өткөн парламенттин жыйынында Максат Сабиров мандатын тапшырарын айткан.