Боливиядагы Эль-Альто университетинде студенттердин жолугушуусунда 5 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жаштар студенттердин жолугушуусуна катышуу үчүн келишкен. Жолугушуу мушташка чейин жетип, натыйжада тосмолор элдин басымына туруштук бере албай кулап түшкөн.
"Учурда жандандыруу бөлүмүндө жаткан беш адам каза болуп, үчөө жаракат алганы белгилүү болду. Полициянын башчысы Жонни Агилераны окуя болгон жерге толук эсепке алуу үчүн жөнөттүм", - деди өкмөттүн министри Карлос дель Кастильо.
Боливиянын президенти Луис Арсе курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, ошондой эле окуянын чоо-жайы такталарына үмүттөнөрүн билдирген.