Ош облусунун Кара-Суу районунда мектеп толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-март күнү саат 18:28 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айыл аймагынын Маданият айылында мектеп күйүп кеткен.
Султанов көчөсүндөгү №42 орто мектеби жыгач устундуу шифер менен жабылган. Анын 262 чарчы метр чатыры жана 212 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылып, саат 20:15те өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Учурда өрттүн себеби такталууда.