УКМК Камчы Көлбаевдин бошотулушу боюнча маалымат берди

УКМКнын маалымат кызматы кримтөбөл Камчы Көлбаевдин бошотулушу боюнча маалымат берди.

Маалыматка ылайык, Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын райондук сот 22-мартка чейин узарткан. Тактап айтканда, ал камакта болмок. Бирок анын жактоочусу апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Сот кечээ, 2-мартта карап аны эркиндикке чыгарган.

"2-март күнү Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы жактоочунун жүйөлөрүн жана иштин учурдагы жагдайларын эске алып, жактоочунун арызы канааттандырылып, Камчы Көлбаевге карата баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Тактап айтканда, анын жашаган жери Чолпон-Ата шаары болгондуктан, ал жактан чыкпоо жөнүндө милдеттенме алынып, ал бошотулган. Жоопкерчилик УКМКнын жеке көзөмөлүнө болот. Ошол эле учурда тергөө органы ага көрсөтүлгөн милдеттенмени бузган учурда ага карата катуу чара колдонулары түшүндүрүлдү.

УКМК тарабынан Камчы Көлбаевге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактысы боюнча козголгон дагы бир кылмыш ишинин алкагында, келтирилген чыгымдын суммасы 250 миллион сомдон ашык болгон. Шектүүнүн туугандары депозиттик эсепке 49 миллион 600 миң сом которушкан. Калган сумманы Көлбаев 2021-жылдын апрелинин аягына чейин мамлекеттик бюджетке төлөшү керек.

УКМК жогорудагы кылмыш иштер боюнча тергөөнүн жыйынтыктарын коомчулукка маалымдап турат жана кримтөбөл тарабынан туура эмес аракеттер болгон учурда мыйзамда каралган чараларды көрөт", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, крим авторитет Камчы Көлбаев 2020-жылдын 22-октябрында кармалган. Ал 23-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары жүрүп жаткан учурда УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Ага карата "кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кийин, 2-ноябрда №47 абакка которулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mirlan27011987
2021-03-03 13:29:13
Чириген, коррупцияга баткан коомдо кылмышкерлер мыйзамга, соттор кудайга айланат. Бул кылмышкерди бошоткон судья, озу кылмышкер экенин билип жургуло. Андай болсо турмодо отургандын баардыгын бошоткула да. Баары бирдей кылмышкерлер. Акыйкат бизде тебеленди.
+2
emil91
2021-03-03 14:05:25
Кылмышкер менен террористтин эч айрымасы жок. Мамлекет сот системасына жараша бааланат.
+5
kamchatka
2021-03-03 14:27:59
Калган сумманы турмодон чыгып байларды тоноп толомой болду деп койгула ананда алдыда шайлоо жакын ошого иштетебиз десенер ачык эле
+5
Belek1710
2021-03-03 14:58:33
250млн сом эмне деген акча, кайдан келди, эч жерде иштебеген адамда, туугандарында кайдан 49млн, дагы да бечаралады коркутуп алып атса керек.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан