Бүгүн, 10-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматовду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдады. Жолугушууда КРнын улуттук программасы мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана 2014-2020-жылдары тилдин саясатын жакшыртуу жөнүндөгү маселе каралды. Президент мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясаты Кыргызстандын эң негизги стратегиясы болуп эсептелине турганын белгиледи.