Грециянын борбордук бөлүгүндөгү Фессалия районунда күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Афинанын Улуттук обсерваториясынын геодинамика институтуна шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча 12:16да болгон. Жер титирөөнүн эпицентри Элассона шаарына жакын жерде Лариса шаарынан 29 чакырым алыстыкта, Афинадан 250 чакырым түндүк-батышта жайгашкан. Очок эки чакырым тереңдикте болгон. Азырынча жабыркагандар жана келтирилген чыгымдар жөнүндө маалымат бериле элек.