Жалил Атамбаев мыйзамсыз баюу фактысы боюнча шектелип кармалды

Жалил Атамбаев мыйзамсыз баюу фактысы боюнча шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК ички иштер органдарынын мурунку кызматкери, белгилүү Жалил Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы тууралуу тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Жалил Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алгандыгы белгилүү болду.

Тергөө ишинде чогултулган далилдердин негизинде, 3-мартта Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту ("мыйзамсыз баюу") боюнча Жалил Атамбаев кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иши жүрүп жатат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Asman779
2021-03-03 20:00:35
Даагы 100-200 миллион төгүп чыгат экен да, жакшы. Бул жүрүш менен буюрса Кытайды бизге карыз кылабыз
+2
Simels
2021-03-03 20:06:46
Буга сатылган саткын чал-кемпирлер дагы чыгатта бошоткула деп. Биздин айылга тоок кана, ит кана салып берген деп!
+14
nurgaz
2021-03-03 20:11:09
Жалилчик кармалыптырда
+12
Mustafo
2021-03-03 20:17:38
Бекерпоздор келерки жекшембиге дайардангыла Жалилдин митингине чыгасыңар.
+11
take_83
2021-03-03 22:16:24
Бекерчилер чыгаберет ошолорго тушунбоймда эл билет кимдин ким экенин
+5
nazira...
2021-03-03 22:21:38
Тооба, ушу киши да камалат экен го. Ушу күнгө чейин эч кимиси тийише албады эле.
+7
CAPATAH
2021-03-03 22:36:55
Камап улгурушо электе сот суттон ак деп чыгпрат.
+3
Akyl78.1501
2021-03-04 10:31:07
Үй камагына чыгарылды деген жаңылыкты окуйбуз 10 күндөн кийин мода болуп калдыго үй камагы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан