"Көзү эле эмес, көөдөнү кошо сокур экен". Чуулгандуу комментарий боюнча президенттик аппарат үн катты

Кечээ, 3-мартта Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун 1-окууда талкуулаган.
Анда депутат Дастан Бекешев жаңы Конституция элдин шору экенин айтып, Баш мыйзамда туура эмес эрежелер бар экенине токтолгон.
Бул видео социалдык тармакка жарыялангандан кийин видеонун алдына президент Садыр Жапаровдун баракчасы төмөнкүдөй комментарий калтырган.
Азыркы тапта бул билдирүү колдонуучулардын көңүлүн буруп, аны бөлүшүп, пикир жазгандар көп болууда.
Чуулгандуу комментарий боюнча президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди. Айтымында, комментарийди Садыр Жапаров жазган эмес жана ал буга катуу тынчсызданып жатат.
"Талкууланып жаткан билдирүүнү президент жазган эмес. Анын баракчасын бузуп кирген кызыкдар тарап билдирүүнү жазса керек. Азыркы тапта бул тууралуу тактап жатабыз. Садыр Жапаров өзү да буга аябай ачууланып, тынчсызданып жатат. Билдирүү жазган адам аныкталса, чара көрүлөт", - деди Байтерек.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
KGZ-RUS
2021-03-04 11:09:15
Садыр Жапаров жазган билими денгээли ушинтип жазганга эле жетет
-1
NURSAPAR
2021-03-04 11:34:52
KGZ-RUS,койчу кантип эле ошентип жазсын. Аз маз окшоштуруп жалган айт. Не Садыр комментарий жазып башына таш тийиппи. Же Садыр менен чогуу окугансыңбы?
+4
bond02
2021-03-04 11:46:12
Бу Садырынар президент эмес блогер эле болуш керек экен.
-5
Agayu
2021-03-04 11:54:21
Дастанга мумкунчулугу чектелгендер да нараазы. Кордук го : байкуштар да митинг кылышты .Дастан пайдан тийбесе да , зыянын тийбесин .!
+5
forever88
2021-03-04 12:11:57
Кандай эле аккаунтын бузуп талкалап калат
+5
ainura220888
2021-03-04 12:15:51
Вообще Дастан Бекешов мумкунчулугу чектелгендерди колдоо максатында келген жогорку кенешке. Боктун ишин кылган жок тынчып эле кеттиго чиркин. Байып жеп эле атат. 120чимкириктин бир чимкириги. Садыр Жапаров минтип жазбайт. Анын комментарии жазып отурганга убактысы жок. Анын мынтип жазганга президенттик макамы да жол бербейт. Бирок чындап эле коодонуда сокур киши экен Бекешов!!!
+10
BarsBaatyr
2021-03-04 14:03:08
Өзү эле жазса керек. Ким бузуп кирмек эле
-5
AykaMer
2021-03-04 14:06:58
BarsBaatyr,хакер деген сөздү уккан эмес окшойсуң
+6
Danysh1
2021-03-04 20:38:31
Хакерчи менин играмы уурдап кетишкен акаунтум жоголгон ннверный парол деп калган сүрөттөрүм видеолор бар болчу гуугулда
-1
bond0202
2021-03-05 07:17:20
Неге сонку кабардын жанылыктары бир кун кеч коргозуп жатат.баарында эле ошондойбу же менде элеби?.жооп берип койсонуздар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан