Депутат Орозова Ош мамлекеттик университетинде орус тил сабагын кыскартып салганы боюнча кат келип түшкөнүн айтты

Депутат Карамат Орозова Ош мамлекеттик университетинде орус тил сабагын кыскартып салганы боюнча кат келип түшкөнүн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Ош мамлекеттик университетинин орус филология факультетинен кат келип түштү. Анда орус тил сабагын кыскартканы жазылган. Мен бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кат менен кайрылгам. Кыскартуу боюнча кат кайра жиберишиптир. Мен көйгөйдү чечсин деп кат жөнөткөм. Министр өзү бул катты окуса, мындай жооп келбейт эле. Дүйнөлүк мамиле орус тилинде жүргүзүлөт. Аймактарда орус тил мугалими жетишпегендиктен башка мугалимдер сабак берип жатышат", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан