Жогорку Кеңеш: "Кумтөр" маселесин чечүү алдында "Ата Журт" фракциясы кыска танапис сурады

Жогорку Кеңеште "Кумтөр" маселеси боюнча токтом кабыл алынганы турат. "Ата Журт" фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Улукбек Кочкоров "добуш берүү алдында фракция мүчөлөрү бир пикирге келип алалы, 15 мүнөттүк танапис жарыялашыңызды суранам" деди. Сунушту төрага орундатты. ЖКнын жыйыны 15 мүнөткө токтотулду.   

Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан