Биз социалдык тармакта

"Ала-Тоо" аянтында Ак калпак күнүнө карата майрамдык иш-чара өтүүдө (фото)

Бүгүн, 4-мартта Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында Ак калпак күнүнө карата майрамдык иш-чара өтүүдө.

Анда аянтка боз үй тигилип, улуттук кийим кийген мырзалар параддан басышты. Учурда майрамдык иш-чара уланууда.

Эртең күн жаай тургандыгына байланыштуу иш-чара бүгүнкүгө белгиленгендиги жазылган.

Жыл сайын 5-мартта Кыргыз өлкөсүндө улуттук баш кийим ак калпактын урматына Ак калпак күнү белгиленет. Бул күн Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.

Бул күн расмий эмес түрдө 2011-жылы майрамдала баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан