Бүгүн "Ала-Тоо" аянтында Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өтөт

Бүгүн, 4-мартта борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленет. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Элнура Кулуева SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, иш-чара ак калпакчан мырзалардын парады менен коштолот.

"Бүгүн саат 10до "Ала-Тоо" аянтына келиңиздер. Улутубуз деген сезим менен Ак калпак күнүнө урмат кылыңыздар. Эртең күн жаай тургандыгына байланыштуу иш-чара бүгүнкүгө белгиленди", - деди ал.

Жыл сайын 5-мартта Кыргыз өлкөсүндө улуттук баш кийим ак калпактын урматына Ак калпак күнү белгиленет. Бул күн Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.

Бул күн расмий эмес түрдө 2011-жылы майрамдала баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mirlan27011987
2021-03-04 09:28:22
Жаштарды тарбиялоо, аларды улуттук каада-салттар, толеранттуулук, жалпы адамзаттык баалуулуктар рухунда тарбиялоо, ошондой эле уникалдуу мурасты терең изилдөө жана жайылтуу максатында Кыргыз олкосундо светтик-маданий борболор тузулуш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан