Ошто келинди "өлтүрөм" деп коркутуп, жылаӊач чечиндирип телефонуна тартып алып, акча талап кылганга шектүү кармалды

Ошто "жылаӊач сүрөтүӊдү туугандарыӊа жөнөтөм" деп акча талап кылганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ күнү, 3-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 1993-жылы туулган Ош шаарынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага карата "опузалап талап кылуу" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө жүрүп жатат.
"Алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, бул кармалган жигит 2020-жылдын октябрь айында өзүнүн таанышы 1995-жылы туулган аял менен өз ара урушуп кеткен соӊ «акыркы жолу бир жолугуп алалы» деп аны алдоо жолу менен чакырып, унаасына отургузган соӊ бычак такап коркутуп, Ош шаарынын мейманканаларынын бирине алып келген. Андан соӊ бычак менен «өлтүрөм» деп коркутуусун улантып, жылаӊачтап чечиндирип өзүнүн телефонуна тартып алган.
Жабырлануучу намыстанып колдору менен бетин жапкан учурда күч менен колун жүзүнөн алып, сүрөткө жылаӊач тарткан. Андан соӊ «эми мага жакын арада 50 миӊ сом акча таап бересиӊ, болбосо бул сүрөттү ата-энеӊе, жакындарыӊа жөнөтүп, интернетке чыгарам» деп акча талап кыла баштаган. Айласы кеткен келин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Эртеӊ, 5-мартта шектүүнүн баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Aibek_eka
2021-03-04 11:34:11
Мындай эркектерди эркек дешкеда тил барбайт эмне болуп баратабыз жигиттер ар намыс деген кайда калды
+12
Taalaibek.
2021-03-04 11:41:16
Катуу чара коруш керек. Атууга!
+9
Lion-27
2021-03-04 12:11:32
Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт.
-4
nazira...
2021-03-04 12:43:56
Келин кийин мындан да байын таап муну карабай койгон окшойт, ошого өчөшкөн да. Иштин баары келинде, арыз жазгандан мурун терен ойлонуп туруп жазыш керек эле. Гостиницага бас десе бара береби, киреберишине келгенде жардам сурабайт беле отургандардан, үндөбөй неге кирип кетет, өзүндө балээнин баары. Тооба баарына тооба кылам.
+4
Kadyrova_
2021-03-04 15:29:03
nazira...,Туура айтасыз урушуп кеткенден кийин акыркы жолу минеге жолугушууга барат өзүда болбогур келин окшойт.Кунажын көзүн сүзбөсө бука жибин үзбөйт тоба тоба жаштарга ыйман берекоор Алла.
+1
JaneEr
2021-03-04 15:30:04
Этият болуш керек ,келин дагы жон журбойбу коркутса жардам сурабайбы...Эркектерге ишениш жок негизи.Азыр эптеп эле акча ондурмой,бай катынга тиймей болуп калган биздин эркектин ою.Же бир колдонуп таштап кетет.
+1
bayern-munchen
2021-03-04 18:07:24
мен ушундайларды коп уктум жана коргондорум дагы болду Ошто кыргыз кыздары кобунчо кафелерде официантка болуп иштешет озбек балдары повар же самсышник болушуп анан чогу иштешип тиги кыргыз кыздар менен конулдош болот анан ошентип видеого тартып алып кыргыз кыздарын озбек балдар коркутуп жургонун 1-2 жолу кубо болгомун эми ошондой кыздарыбызга айткым келет кычышып курттап баратса дагы оз намысынарды тебелетпегилечи тем более озго улутка
+5
Nursul
2021-03-04 23:11:54
Мени эки жыл мурун бир кыз апаң мындай атаң андай эжең мындай деп күндө смс жазып да чалып да давления кылды намысымды тебеледи ушундай бир жерге туралбай денемди майда калтырак басып акыркы чыдабай ата энесине барып ушундай болуп жатат кызыңар менин алдымдан чыгып калса же бир жерден көрүп калсам сөзсүз өлтүрөм мылтык менен иштебеген меесин чачырата атам мына көрөсүңөр десем ата энеси кечирим сурап тартиби жок болсо ушул экен да бир жолу биз үчүн кечир дешип аман калган
0
Nursul
2021-03-04 23:16:46
Болбосо өлтүрүп мен да гезит бетине чыгып калмак экенмин. Алигиче ошонун айткан сөздөрү кулагыма жаңыра берет Аллахка кана тапшырдым ошол күндөн бери Аллахка дуба кылып келем ал пенденди ондурба деп. Бир шүмшүк үчүн мен да киши өлтүргүч болуп кетмекмин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан