Садыр Жапаров: "Соттун калыстыгына, адилеттүүлүгүнө көлөкө түшүрө турган аракеттер мамлекеттин беделине шек келтирет"

"Соттун калыстыгына, ишбилгилигине, адилеттүүлүгүнө көлөкө түшүрө турган аракеттерди жасоо, судьялардын жүрүм-турумунун этикалык нормаларын бузуу жана башка ушундай терс көрүнүштөр жеке судьянын гана аброюна шек келтирбестен, жалпы мамлекеттин беделине дагы шек келтирет".

Мындай пикирин президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта сот системинин кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада сот корпусунун алдында сүйлөп жатып айтканын президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Мамлекет башчысынын айтуусунда, Кыргыз өлкөсүндө мыйзам жоболору урматталган жана кынтыксыз аткарылган темирдей тартипке, экономикалык жана саясий реформалардын жоопкерчилигин көтөргөн, ошол жоопкерчилиги үчүн калың элдин алдында жооп бере алгыдай бийилик системине муктаж.

Ал мындай системди куруу башка мамлекеттик бийлик бутактарынан көз карандысыз, күчтүү жана ачык-айкын сот бийлигин түзүү менен түздөн-түз байланышта экенин, сот системинин азыркы абалы жана аброю, эч кимге сыр эмес, мурда болуп көрбөгөндөй өтө төмөн деңгээлге чейин түшүп кеткенин баса белгиледи.

"Буга биринчиден судьялар өздөрү күнөөлүү. Ошондуктан бүгүн мен соттордун айланасында түзүлгөн жакшы эмес кырдаалды жеңүү, судьялар менен байланышкан терс көрүнүштөрдү жоюу, жалпы системди туңгуюктан чыгарып, алдыга жылдыруу жана судьялардын көз карандысыздыгын бекемдөө жолдору тууралуу сиздер менен бетме-бет ачык сүйлөшкөнү келдим.

Албетте, бул сөздөр кесиптик майрам күнү анчалык деле жагымдуу эмес болушу мүмкүн. Бирок тандап отурууга убакыт жок, элдин үмүтү менен ишеничин актоого мезгил келип жетти жана көптөн бери чогулуп келген көйгөйлөрдү тезинен биргеликте, жапа тырмак чечүүгө милдеттүүбүз. Болбосо тарых бизди кечирбейт!", - деп билдирген Садыр Жапаров.

Президент жакынкы арада жаңы Конституция кабыл алынып, мамлекетибизде конституциялык чоң реформалар ишке ашырыларына токтолгон.

"Алардын алкагында, соттук-укуктук реформа боюнча дагы алгылыктуу иштер кечиктирилгис шартта аткарылууга жатат, себеби өзүнүн чечимдери менен соттор жашоонун бардык жактарына таасир этет жана биз декларативдүү түрдө эмес, реалдуу түрдө сот тутумунун өнүгүүсүнө зарыл болгон институционалдык жана укуктук-ченемдик негиздерди түзүп беришибиз керек", - деген мамлекет башчысы.

Анын айтымында, сот - бул миңдеген адамдардын тагдырлары чечилип жаткан өзгөчө маанидеги мамлекеттик институт болгон соң, соттук каталарды кетирбөө, текеберлик менен коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө жана алар менен чындап күрөшүү өтө зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан