Улуттук статистика комитети: "Өлкөдө бир аял үч бала төрөйт, бул жогорку көрсөткүч болуп саналат"
Кыргыз Республикасынын орточо статистикасына ылайык, аялзаты 24 жашка жакын биринчи балалуу болот. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Аялзаты негизинен үч бала төрөйт, бул жогорку көрсөткүч болуп саналат. Ал эми Кыргызстанда көптөгөн КМШ өлкөлөрүнөн айырмаланып, жөнөкөй репродукция жогору, калктын көбөйүшү камсыздалган, 2020-жылдын аягына карата калктын саны 6,6 миллион адамга жетти.
Никеге турган ар бир экинчи аял 20–24 жаш курагында, ал эми ар бир бешинчи аял 18–19 жаш же 25-29 жаш курагында болгон. Никеге биринчи жолу турган аялдардын орточо жашы 24 жашты түзгөн, ал эми экинчи жолу никеге тургандардын орточо жашы – 35 жашка барабар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
5:00
2021-04-21
1:46
2021-04-21
1:04
2021-04-21
0:04
2021-04-21
23:31
2021-04-20
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.