29-сентябрдан 4-октябрга чейин Орусиянын Москва шаарында 5-Эл аралык аскерлер сынагынын “Кавалер” номинациясында Азамат Султанов 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Сынакка Кыргызстандын атынан Москва аскердик университетинин курсанттары Абдымажит Жаманкеев, Азамат Султанов, Абдрашит Өмүрбек уулу жана Айгерим Нурбековалар катышкан. Сынактын катышуучулары бир нече номинацияларда ат салышып, жыйынтыгында Азамат Султанов “Кавалер” номинациясында 3-орунду ээлеген.