52 жылдан кийин... АКШдагы кинодогудай сүйүү баяны

АКШдагы укмуштуудай сүйүү баяны бардык нерсенин мүмкүн экендигин далилдеди. 52 жыл мурун балалуу болуп, бирок ажырашууга аргасыз болгон түгөйлөр кайрадан бири-бирин табышты. Окуя АКШнын Индианаполис шаарында болуп өткөн. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

70 жаштагы Донна Хорн жана 69 жаштагы Жо Коугилл мектепте окуп жүргөндө бири-бирин сүйүп калышат. Алар жакында балалуу болорун уккан Доннанын атасы эки жашка жолугууга тыюу салган. Бири-бирин жоготуп алган түгөйлөр 52 жылдан кийин жолугуп, бактылуу жашоону кайрадан башташкан.

Маалыматка ылайык, Донна 1968-жылы ноябрда кыз төрөп, ымыркайды башка үй-бүлөгө өткөрүп берген.

Донна кызына бир нече жылдан кийин электрондук почта аркылуу кат жазып, ага чыныгы энеси экендигин айткан. Түгөйлөрдүн биологиялык кызы Лаура 52 жылдан кийин апасы Донна менен атасы Жону кайрадан жолуктурган. Жубайлар былтыр май айында баш кошушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Umarbek82
2021-03-09 18:09:21
Бактылуу болушсун
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан