Дүйнө жүзү ханзаада Гарри жана герцогиня Меган Марклдын маегин талкуулап жатат. Алар менен белгилүү теле алып баруучу Опра Уинфри 2 саат бою баарлашып, көптөгөн эксклюзивдүү, ал тургай чагымчыл маалыматтарды алган. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, Меган Маркл падышалык үй-бүлөнү айыптап, аларды расисттер деди. Падышалык Мегандын кош бойлуу экендигин билгенден кийин, баланын териси кандай түстө болот деп гана ойлонушкан. Алар балага падыша титулун бергиси келбегендигин да тастыктады.
⠀
Ушундай көйгөйлөрдөн улам 2016-жылы Меган өз жанын кыюуну каалаган. Бирок падышанын үй-бүлөсү жардам берүүдөн баш тарткан.
Ханзаада Гарри атасы Чарльз аны менен сүйлөшпөй койгонун жана чалууларга жооп бербей жатканын тастыктады. Бирок ал ханыша Елизавета II менен жылуу мамилесин улантууда.
⠀
Ошондой эле жубайлар экинчи наристесин күтүп жатышат. Ымыркай кыз экенин да кошумчалашты.
Эске салсак, алар 2020-жылы 31-мартта расмий түрдө падышалык үй-бүлөнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берип, каржылык көз карандысыздык жарыялашкан.