8-мартта Казакстанда да аялдардын укугун коргоону талап кылган митинг өттү. Жергиликтүү маалымат булактарынын маалыматына ылайык, жөө жүрүшкө 300гө чукул адам катышкан.
"Бүгүнкү иш-чара Казакстандагы аялдардын укуктарын сактоого арналган, башкача айтканда, биз ар кандай аялдар жөнүндө сүйлөшөбүз жана бардыгыбыз бирдей укукка ээбиз. Ар бир адам өзүнүн принциптерин көрсөтүп, өз укуктарын коргоого мүмкүнчүлүк алышы керек", - деген Казакстандагы феминисттик кыймылдын өкүлү Гүлзада Сержан.