Биз социалдык тармакта

Жарым жылаңач, жабыша бийлеп. “Бакай Банк” интернетке тараган чуулгандуу видео боюнча түшүндүрмө берди

"Бакай Банктын" Бишкектеги филиалдарынын биринде өткөн майрамдык кечедеги жосунсуз окуя үчүн кызматкерлерге тийиштүү чара көрүлөт. Бул тууралуу аталган банктын маркетологу SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, "Бакай Банктын" филиалдарынын биринин кызматкерлери жетекчиликтин макулдугун албастан, 8-мартка карата кече уюштурушкан. Маалыматка ылайык, окуя жумуш убактысынан тышкаркы мезгилде болгон.

“Иш-чара банктын корпоративдик баалуулуктарына жана этикасына каршы келет. Буга байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, күнөөлүүлөр аныкталат. Аларга карата Эмгек кодексине ылайык чаралар колдонулат. Ошондой эле “Бакай Банк” бул видео үчүн кечирим сурайт жана алдыда бул сыяктуу окуялардын алдын алуу үчүн бардык аракеттерди көрөт”, - деп билдирди.

Эске салсак, социалдык тармактарда "Бакай банктын" кызматкерлеринин айымдарды куттуктап жатканда тартылган делген видео тараган. Анда көпчүлүк интернет колдонуучулар бул жорук акылга сыйбай тургандыгын жана видеодогу айымдар коомчулукка уят болгонун жазып калтырышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Belek1710
2021-03-08 19:43:59
Чара көрүш керек, банк бул түнкү клуб же чер жаща турган мекеме эмес
+13
SHMIT
2021-03-08 20:50:29
Заман эмес адам бузулуп кетип атат
+10
Apyn8793
2021-03-08 20:53:32
Бакай банк кимдики? Главныйы ким?
+7
bratanyn
2021-03-08 21:32:23
Обу жоктор!Элдин процент акчасына кутуруп жатат шуркуялар!
+7
nazira...
2021-03-08 21:34:22
bratanyn,точно таптын да.
+3
Sakubek
2021-03-08 22:05:48
Койсонор филиалында ушунча коп адам иштейби. Банктын баардык жамааты болуп турат го
+3
Syrbek_90
2021-03-09 01:48:25
Бакай банктагы картаны колдонбой эчким акча которбой койуш керекда ошондо тушунот кантип эле жетекчиси билбей калсын Бакай банкты нас басты уже
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан