Монголия 5G интернетин биринчи жолу сынап көрөт

Монголия мамлекети 5G интернетин биринчи жолу сынап көрөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, аталган өлкөнүн байланыш жана маалыматтык технологиялар департаментинин директору моңгол өкмөтү экономикалык алдыңкы 6 тармактын арасына алгачкы жолу IT-технологияны кошконун билдирди.

"Санарип Nation демилгеси өкмөт тарабынан колдоого алынып, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, санариптик сабаттуулукту жогорулатуу, жарандардын технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жана спутниктерди учуруу максатын көздөйт. Монгол өкмөтү биринчи 100 күндүн ичинде 592 кызматты E-Mongolia менен байланыштырууну пландап жатат", - деп билдирген директор Болор-Эрдэнэ.

Монголияда быйыл телекоммуникация жана маалыматтык технологиялар секторунун 100 жылдыгы белгиленүүдө.

"100 жылдык мааракеге карата 5G тармагынын биринчи сыноосун июль айында өткөрөбүз. Ага 2023-жылга чейин кирүү пландалууда. Инвестиция абдан чоң", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mylatka..
2021-03-08 20:08:32
Биз сынап көрдүкпү же ...ким билет????
-2
Гүлзина Каныбекова
2021-03-08 20:11:50
Mylatka.., Жоок, Монголия эми сынаган жатат. Биз сынаганга жете элекпиз.
+5
Romantik.
2021-03-08 23:03:11
Кыргыздар оору жугат, коронавирус жугат деп жүрө бергиле жапайылар десе, башкалар өнүгө берсин
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан