Түркияга бара тургандардын эсине. ПЦР-анализдин терс жыйынтыгын талап кылуу мөөнөтү узартылды

Түркиянын бийлиги өлкөгө кирген туристтерден ПЦР-анализдин терс жыйынтыгын талап кылуу мөөнөтүн 15-апрелге чейин узартты. Бул тууралуу Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, тесттин жыйынтыгын көрсөтпөгөндөргө учууга уруксат берилбейт.

"Буга чейин Түркияга жер, аба же деңиз жолу менен бара турган ар бир адамдан 72 саат мурун алынган ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын тапшыруусу талап кылынып келген. Бул талап 2021-жылдын 15-апрелине чейин узартылды. Талап транзиттик жана трансфердик жүргүнчүлөргө колдонулбайт", - деп жазылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын 30-декабрынан баштап 1-мартка чейин Түркияга бара тургандардын баарына коронавируска ПЦР-тест тапшыруу милдеттендирилген.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан