Сириянын президенти Башар Асад жана анын жубайынан коронавирус табылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 55 жаштагы Башар Асад жана анын 45 жаштагы жубайы Асма эки-үч апта өз үйүндө обочо дарыланган соң, жумуштарына кайтышат.
"Учурда экөөнүн тең ден соолугу чың жана абалы туруктуу", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Сирия 2011-жылы март айында "Араб жазы" деп аталган бүткүл аймак боюнча авторитардык режимдерге каршы кеңири жайылган толкундоолор учурунда жарандык согушка кабылган.