АКШнын Улуттук аэронавтика жана космос башкармалыгы (NASA) жакынкы 10 жыл ичинде Айга аял астронавт жиберүүнү пландап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
NASA'нын космоско учуу боюнча директору Чарли Блэквелл-Томпсондун айтымында, пландалып жаткан "Артемида" программасынын экипаж мүчөлөрү тогуз эркек жана тогуз аялдан турат.
"Жердин спутнигин изилдөө ар кандай баалуу билимди жана көптөгөн илимий ачылыштарды берет. Ал эми "Артемида" программасын ишке ашыруу учурда ашыкча чыгымга байланыштуу кечеңдеп жатат", - деп билдирди Чарли Томпсон.
Буга чейин NASA Айдын Күнгө жакын бетинде суу бар экени далилденгенин, бирок изилдөөчүлөр табылган суунун концентрациясын өтө төмөн деп баалашканын жарыялаган.