Түркмөнстан мамлекетинин Тазе Усул айылынын 40 жаштагы тургуну өзүн-өзү өрттөп каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, каза тапкан Ыкбал Егенбердиева эки баланын апасы болгон. Күйөөсүнүн туруктуу иши болгон эмес.
"Ал буга чейин базарда жашылча сатып, үй-бүлөсүн багып келген. Пандемиядан улам базарлар жабылып калгандыктан, үй-бүлө жер тилкесин ижарага алып, буудай айдап көрүшкөн. Бирок ал жерден тапканы ижарадан жана салыктан ашпай калган.
Туугандарынын айтымында, аял акыркы күндөрү депрессияда жүргөн. Аны өлүмгө жеткирген себеп жумушсуздук, жетишпес жашоо болушу мүмкүн экени айтылууда. Ыкбал эч ким көрө албаган шкафка кирип, өзүнө бензин чачып өрт коюп жиберген. Ал ооруканага жетпей көз жумган", - деп жазылат маалыматта.