Крым аралы үчүн Орусия менен Украинанын ортосунда согуш башталып кетиши мүмкүн. Мындай пикирин Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Ренат Кузьмин билдирген.
Маалыматка ылайык, Кузьмин Украинанын Крымдагы согушка даярдыгы жөнүндө жарыялаган. Ал өлкөдө тынымсыз чакырыктар угулуп жаткандыгын билдирип, Башкы штаб аскерлерди салгылашууларга даярдап жаткандыгын жана Киевдин өкүлдөрү Минск келишимдерин аткаруудан баш тартып жаткандыгын айткан.
Ошол эле уруда орусиялык эксперттер эки өлкөнүн ортосунда согуш орун алып кетсе АКШ Украинаны колдоорун айтышууда.
"Батыш Украинаны Орусияга каршы кибер чабуулдар менен колдой алат. Бул максатта АКШ атайын бөлүктөрүн түзгөн", - деген Орусиянын аскердик байкоочусу, запастагы полковник Александр Жилин.
Анын айтымында, мындай кол салуу болгон учурда Орусиянын бир нече ири шаарларында электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн.