БУУ өлкө башындагы аялдар менен эркектердин үлүшү качан бирдей болорун эсептеп чыкты. Ал 100 жылдан ашат

Учурдагы прогресстин деңгээлинде мамлекет менен өкмөттүн башындагы аялдар менен эркектердин бирдей үлүшү 130 жылдан кийин жетишилет. Бул тууралуу БУУнун коопсуздук кеңешинин расмий эмес жыйынында Башкы катчынын саясий маселелер боюнча орун басары Розмари ДиКарло билдирген.

Маалыматка ылайык, буга чейин БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриш 22 мамлекетте гана аял мамлекет башчысы экендигин белгилеген. Ошол эле учурда министрлердин 21 пайызын гана аялдар түзөт. Ал эми парламентарий аялдар депутаттардын 25 пайыздан азыраагын түзөт.

"Азыркы прогресстин деңгээлинде гендердик теңчиликке жетишүү дагы 130 жылга созулат", - деген ДиКарло.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан