Ырчы Манижа Сангин 18-22-май күндөрү Нидерландынын Роттердам шаарында өтө турган "Евровидение-2021" ыр сынагында Орусиянын атынан чыгат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, ал 8-мартта Орусиянын Биринчи каналында өткөн улуттук тандоодо жеңишке жетишкен. Сангинден тышкары Therr Maitz тобу жана #2Маши дуэти эл аралык ыр сынагына катышуу укугу үчүн күрөшкөн. Бирок ырчы орус тилинде аткарган "Russian Woman" ыры SMS добуш берүүдө эң көп добушка ээ болгон.
"Мен үчүн Евровидениеге катышуу - маанилүү болгон нерселер жөнүндө дүйнө жүзү менен сүйлөшүүгө сонун мүмкүнчүлүк. Мен тажик улутунанмын, бирок Орусия мени кабыл алып чоңойтту. Мен дүйнө жүзү биздин өлкөнү өзүм билгендей көрүшүн каалайм: кең пейил, ачык, жаркын, эч нерсеге окшобойт", - деген Сангин.
Манижа Сангин 1991-жылы Дүйшөнбү шаарында туулган. Болочок жылдыздын үй-бүлөсү 1994-жылы Тажикстандагы жарандык согуш учурунда Москвага көчүп кеткен. Учурда ырчынын эки студиялык альбому бар. Алар Manuscript (2017) жана ЯIAM (2018).