Орусия тарап Европанын дары-дармектер агенттигинин (EMA) төрагасы Криста Виртумер-Хохеден Австрияда "Sputnik V" вакцинасын шашылыш түрдө жактыруу мүмкүнчүлүгүн "орус рулеткасы", башкача айтканда, экстремалдык кумар оюндары менен салыштыргандыгы үчүн эл алдында кечирим суроону талап кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
"Биз EMA компаниясынын мүчөсү Криста Виртумер-Хохеден Sputnik V'ны колдонуп жаткан Евробиримдикке кирген мамлекеттер жөнүндө терс пикирин билдиргендиги үчүн элден кечирим сурашын талап кылабыз", - деп айтылат вакцинанын социалдык тармактагы баракчасында.
Ошондой эле билдирүүдө ЕМА төрагасынын сөзү дарыларды текшерүү процессине мүмкүн болгон саясий кийлигишүү жөнүндө суроолорду жаратып жаткандыгын билдирет басылмалар.
Вакцинанын орусиялык дистрибьюторлору "Sputnik V" 46 мамлекетте бекитилгенин эске салып "ЕМА башка эч бир вакцина боюнча мындай дооматтарды койгон жок. Мындай комментарийлер орунсуз жана ЕМАнын ишенимдүүлүгүнө жана аны карап чыгуу процессине доо кетирет", - деп кошумчалады.
Ошондой эле алар "вакциналар жана ЕМА саясаттан тышкары болушу керек" деп белгилешти. Буга чейин ЕМА Sputnik V вакцинасын ырааттуу экспертизадан өткөрүү процедурасы башталганын жарыялаган. Ошол эле учурда Венгрия жана Словакия жалпы европалык каттоону күтпөстөн дарыны колдонууга уруксат беришкен.