Индияда колукту үлпөт тоюнда көп ыйлагандыктан жүрөгү токтоп каза болду
Индиялык кыз үйлөнүү тоюнда көп ыйлагандыктан күтүүсүздөн жүрөгү токтоп калып каза болуп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, Индиянын салты боюнча үйлөнүү үлпөтүнөн кийин колукту бидай каадасынан өтүп, үй-бүлөсү жана жакындары менен коштошкон. Эреже боюнча бул ырым-жырым менен коштолот. Салтанат учурунда катуу ыйлаган кыз эсин жоготуп, ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Келиндин жүрөгү токтоп каза болуп калган. Ал эми жергиликтүү тургундардын айтымында, колуктунун стресске кабылышына үч ай мурун көз жумган атасынын өлүмү да таасир эткен.