Кытай эл аралык саякаттоо үчүн "ковид паспортторду" ишке киргизди

Кытай Эл Республикасы эл аралык сапарга чыгуу үчүн электрондук ден соолук сертификатын берүү программасын расмий түрдө баштады. Бул тууралуу 9-мартта өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Жакынкы аралыкта туризм боюнча эл аралык ден соолук сертификатынын кытайча версиясы ар кайсы өлкөлөрдөн келген адамдардын ортосундагы ден соолукту, коопсуздукту жана тартипти сактоого көмөктөшөт жана дүйнө жүзү боюнча Кытай жарандары үчүн ишенимдүү кепилдик болуп калат", - деп айтылат билдирүүдө.

Сертификатта нуклеин кислотасына жана IgG антителолоруна анализдердин жыйынтыгы, анализдин датасы жана изилдөө жүргүзүлгөн жер, COVID-19га каршы эмдөөнүн бар же жоктугу камтылган.

Мындан тышкары документте аты-жөнү, фамилиясы, улуту, паспорттун номери жазылат.

Саламаттыкты сактоонун каалаган чет өлкөлүк органы катталган колдонуучунун ден соолугунун абалы жөнүндө маалымат ала алат. Маалыматтар ар бир адам үчүн уникалдуу түзүлгөн QR кодунда камтылган. Сертификатты басып чыгарса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан