Өзбекстанда губернаторлордун ар бири 100дөн кызды бекер окутууга милдеттендирилди

Өзбекстанда облус башчылары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 кыздын, ал эми ар бир ЖОЖ 30-50 кыздын контрагын төлөөгө милдеттендирилет. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзийоев билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

"Жогорку билим алууну каалаган, жөндөмү, билими бар, бирок тагдырдын буйругу менен кыялына жете албаган кыздарга дем берүү системи киргизилет. Тагыраагы, ата-энелеринин биринен айрылган, багуучусу жок калган кыздардын келишимдик төлөмү бийлик жана ЖОЖдордун эсебинен жүргүзүлөт. Ага ылайык, ар бир губернатор 100 кыздын окууга төлөнүүчү каражатын жергиликтүү бюджеттен төлөөгө милдеттүү, ал эми ар бир ЖОЖго 50 кыз милдеттендирилет", - деп билдирген Мирзийоев.

Мындан сырткары, Өзбекстан "Элдик банкы" ишкерлигин баштаган 70 миң кыз-келинге ушул жылдын эсебинен 2 триллион сум кредит берүүгө даяр экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Gulina90
2021-03-10 00:50:37
Оой мынча сонун жанылык,кана бизде да ушундай болсо.
+7
nazira...
2021-03-10 02:03:51
Булардын эли кедей, мамлекети бай да. Темселетип бизге келип окуганча өз жеринде эле окутушса болмок.контрактары кыргызстанга төлөнүп калып атат да бир чети. Туура эле кылган президенти. Бизде деле томолок жетимдерди Раим окутат го, реклама кылбай эле.
+6
batleybesh
2021-03-10 10:02:55
nazira...,туз жала
0
nazira...
2021-03-10 19:17:38
batleybesh,мен эмнеге туз жалашым керек, бул жерде мен жакшы эле сөз жазып атам между гана прочим.
0
Kadyrova_
2021-03-10 11:00:32
Эгер бизде ушундай жанылык кирсе баардык эле чондордун тууган туушкандары жетимге айланып ошолор окушат кыргызстанда акыйкатчылык калбаган.өкүнүчтүү.
+3
Rachki
2021-03-10 14:17:53
Жакшы экен, келечегин ойлогон өлкө, илимдүү, билимдүү жаштар көбөйөт. Кыргызстаныбыздын келечеги ойлондурат, аттиң....
0
Akyl78.1501
2021-03-10 16:42:09
Шавкат ака сизге гап йук
+1
baltabaev
2021-03-11 00:06:38
Биздикилер дароо эле тошокко жетелеп жоношот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан