Дүйнөдөгү ири коммуникациялык компания катары эсептелген Google Тажикстандын Салык комитетинде каттоодон өтүп, эми өлкө жарандарына көрсөтүп жаткан акы төлөнүүчү кызматтары үчүн салык төлөй баштайт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Тажикстандын жарандарына акы төлөнүүчү интернет-кызматтарын көрсөткөн компаниялар 18 пайыздык кошумча нарк салыгын төлөшү керек.
"Бул мыйзамдын нормалары 2020-жылдын 17-декабрында кабыл алынып, быйыл январдын ортосунда күчүнө кирген. Жакындан бери чет өлкөлүк компанияларга Салык комитетинин расмий сайты аркылуу онлайн катталууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Google менен Facebook’тан тышкары буга чейин Тажикстандын Салык комитетинде Doodle inc, Novatech IT ltd жана Xsolla компаниялары да салык төлөөчү катары каттоодон өткөн", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Тажикстанда Facebook социалдык түйүнү дагы өлкөдө салык төлөөчү компания катары каттоодон өткөн. Мындан сырткары, Тажикстандын Салык комитети жергиликтүү блогерлерди социалдык тармактардан жана YouTube каналынан түшкөн кирешелеринен салык төлөөгө милдеттендирген болчу.