Путин түрмөлөрдөгү уюлдук байланышка бөгөт коюу боюнча мыйзамга кол койду

Орусиянын президенти Владимир Путин жаза аткаруу федералдык кызматынын талабы боюнча уюлдук операторлордун түрмөлөрдөгү байланышты өчүрүүгө милдеттүүлүгү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, былтыр ноябрдын башында мамлекеттик Думанын депутаты Александр Хинштейн түрмөлөрдө уюлдук байланыштын колдонулушун чектөө боюнча мыйзам долбоорун даярдап жаткандыгын жарыялаган.

Январь айында парламентарий депутаттары мамлекеттик Думага түрмөлөрдө уюлдук байланышты өчүрүүгө мүмкүндүк берген мыйзам долбоорун киргизген. Буга чейин түзөтүү мекемелеринде отурган соттолгондорго, ошондой эле тергөө абагында шектүүлөргө жана айыпталуучуларга байланыш каражаттары менен колдонууга тыюу салынган.

Мындан тышкары аларды кылмыш-жаза тутумунун мекемелерине жеткирүү аракети үчүн административдик жоопкерчилик каралган. Өз кезегинде, мыйзам долбоорунда түрмөлөрдө мыйзамсыз колдонулган уюлдук байланышты өчүрүүнүн механизмин киргизүү сунушталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан