Литванын Паневежис шаарында коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн кийин аял көз жумду, бирок дарыгерлер анын өлүмүн эмдөө менен байланыштырышпайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 1941-жылы туулган аялга "Pfizer-BioNTech" вакцинасы менен эмдөө жүргүзүлгөн. Мындан тышкары анда кардиостимулятору (жүрөк оорусуна байланыштуу коюлган электрондук прибор) болгон.
Шаардык "Тез жардам" станциясынан эмдөөдөн кийин аял дем алуусу начарлап жаткандыгын айткан. Ага "Тез жардам" кызматы чакырылган, бирок аялды сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Дарыгерлер күтүлбөгөн жерден вакцина мындай таасир этиши мүмкүн эмес дешкен.