АКШнын президенти Жо Байден өлкөнүн коргоо министри Ллойд Остиндин атын унутуп койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы Америка армиясынын катарындагы аял аскерлер жөнүндө сөз сүйлөп, Коргоо министрлигинин штаб башчысына кайрылып жатып такалып калган.
"Мен мурунку генералга ыраазычылык билдиргим келет. Мен аны генерал деп айта берем, бирок менин, менин ... тиги жерде ушул бөлүмдү башкарган жигит", - деди Байден Остин жөнүндө.
Ошол эле учурда президент буга чейин коргоо министрин "катчы Остин" деп да алган. Жо Байден штабдын аталышын унутуп койгон. Сөз учурунда коргоо министрлигинин штабы "ушул балдарга" айланды.
Президент мындай катачылыктарды эл алдында биринчи жолу жасап жаткан жок. 2020-жылы декабрда инаугурацияга чейин эле ал вице-президент Камала Харристи АКШнын лидери деп атаган.
АКШнын 46-президенти болуп шайланган Жо Байден 78 жашта, ушул жылдын ноябрь айында 79 жашка чыгат.