Түркияда атып өлтүрүлгөн орус элчисинин өлүмү боюнча сот чечим чыгарды

Түркиядагы атып өлтүрүлгөн орусиянын элчиси Андрей Карлов боюнча сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

''Бул иш боюнча айыпталып жаткан беш адам акталды. Ошол эле учурда алты айыпталуучу беш жылдан тогуз жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылды. Мындан тышкары айыпталуучулардын кеминде бешөө өмүр бою эркинен ажыратылган, алардын экөө террорчулук беренеси боюнча кесилгени белгилүү. Жалпысынан бул иш боюнча 28 адам айыпталган.

Ушул жылдын февраль айында Анкара соту орус элчисинин өлүмү боюнча өкүм чыгарган эмес, кийинки отурум 9-мартка белгиленген", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 2016-жылы 19-декабрда Түркиянын борборунда ошол кездеги Анкарадагы орусиянын элчиси Андрей Карлов атып өлтүрүлгөн. Кол салууну мурдагы полиция кызматкери Мевлют Мерт Алтынташ жасаган, ал жергиликтүү коопсуздук күчтөрү тарабынан дароо жок кылынган. Орусиянын тышкы иштер министрлиги бул окуяны теракт деп мүнөздөгөн. Дипломатка көзү өткөндөн кийин орусиянын баатыры наамы ыйгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан