Данияда 102 жаштагы жаранга 3 жылга чейин унаа айдоого тыюу салынды

Данияда сот 102 жаштагы жаранды 3 жылга чейин автоунаа айдоого тыюу салды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 102 жаштагы айдоочу 2020-жылдын июнь айында шосседе каршы багытта айдап бара жатып кырсыкка кабылган. Ушул жылдын март айында Хьёрринг шаардык соту анын айдоочулук күбөлүгүн 3 жылга жараксыз деп таап, 3 миң крон (болжол менен 11 миң 528 сом) айып пул салган.

Айдоочу кырсыкка себепкер болгону үчүн өкүнүп, күнөөсүн моюнга алып, мындан ары унаа башкарбай тургандыгын да айткан.

2020-жылдын 16-июнунда болгон жол кырсыгы адам өмүрүнө зыян алып келген эмес. Бирок кырсыкка кабылган унаалардын ээлери материалдык чыгымга учураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Spb
2021-03-10 16:38:57
102 деги жаранга
+1
algakaray
2021-03-10 18:29:06
Уч жылдан кийин озу деле тынчыйт деп ойлоп атышса кк.
0
nazira...
2021-03-10 19:12:33
algakaray,кой андай дебе, жашасын дагы. 102деги киши за рулем, биз да жетсек кана ошо жашка.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан