Бишкекте Г.Айтиев атындагы музейде балдар үчүн мастер-класс өткөрүлөт
12-октябрда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде балдар үчүн мастер-класс өткөрүлөт. "Сыйкырчылык, чеберчилик же кош келиңиздер, ата-энелер" программасынын алкагында балдар кагаздан ар кандай фигураларды жасаганды жана катуу нерсеге чийип так түшүрүү ыкмасын үйрөнө алышат. Аталган музейден кабарлашкандай, мастер-классты Ольга Дунганова менен Лариса Блощинская өтөт.