Орусиянын Пермь шаарына жакын жерде жайгашкан айылдардын биринин жашоочусу уюлдук байланыш үчүн будка курду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, будканы куруу үчүн Любовь Васильева бир нече шиферди ташып келген.
"Телефон менен сүйлөшүп жатсаң шамал болуп тоскоолдук жаратат, мындан кичине болсо да далдоо кылып шиферлерди орнотууну туура көрдүм", - деген Васильева.
Айыл ичинде аталган дөбөдө гана уюлдук байланыш тартат. Мындан улам жарандар бул жерге келип гана сүйлөшө алышат.
Сүйлөшүү учурунда бир аз ыңгайлуу болуш үчүн ал жерге отургуч да коюлган. Аталган сүрөт социалдык тармактарга кеңири тараган соң, тиешелүү тараптар айылды уюлдук байланыш менен камсыз кылууга убада беришкен.