Карапайым элдин катарында. Италиянын президенти Сержо Маттарелланын вакцинация алуу үчүн кезекте турган сүрөтү талкуу жаратты

Италиянын президенти Сержо Маттарелланын вакцинация алуу үчүн кезекте турган сүрөтү тарап, талкууга алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Сержо Маттарелла өзүнүн президент экенине карабай, жарандар менен биргеликте өз кезегин күтүп анан вакцинация алган.

Интернеттин кыргыз сегментинде да талкуу болгон бул сүрөткө ар кандай ой-пикирлер жазылган. Анда көпчүлүк президент өзүн жөнөкөй жаран катары алып жүргөндө гана өлкө өнүгүү жолуна түшөрүн жазып калтырышкан. Айрымдары болсо батыштын башка жагын эмес, ушул сыяктуу жагдайларын үлгү катары алыш керектигин жазышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан