Падышалык үй-бүлө ханзаада Гарри менен жубайы Меган Марклдын Си-Би-Эс каналына берген маегине байланыштуу расмий билдирүү таратты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, падышалык үй-бүлө Гарри менен Мегандын бир нече жыл ичинде канчалык кыйынчылыктарга туш болгонун билгенден кийин абдан капа болушкан.
"Көтөрүлгөн маселелер, расалык көйгөйлөр тынчсыздандырат жана өтө олуттуу кабыл алынат. Үй-бүлө бул маселени эл көзүнөн оолак өзүнчө чечет. Гарри, Меган жана Арчи ар дайым үй-бүлөнүн эң сүйүктүү мүчөлөрү бойдон кала беришет", - деп айтылат билдирүүдө.
8-мартта Гарри жана Меган Марклдын америкалык белгилүү теле алып баруучу Опра Уинфриге берген маеги чыккан. Окурмандар маекте жубайлар сенсациялык билдирүүлөрдү жасап, падышалык үй-бүлөнүн имиджине доо кетирди деп сыпатташкан.