Улуу Британиянын мурунку премьер-министри Уинстон Черчиллдин чокою аукциондо 54 миң 200 долларга сатылды. Бул тууралуу "Bellmans" аукцион үйү кабарлаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, Уинстон Черчилл өңү кочкул-көк, WSC деген алтын түстүү жазуусу бар чокоюн 1951-1955-жылдар аралыгында кийген. Аталган чокойду сатып алган адамдын аты айтылган эмес, бирок ал британиялык коллекционер экени маалым болгон.
"Аукционго даярдануу учурунда абдан толкундануу сезимин жаратты. Уинстон Черчиллди дүйнө жүзү терең урматташкан. Аталган буюмду сатып алуу үчүн дүйнөнүн ар кайсы бурчунан өкүлдөр келишти. Бул убакытка чейин чокойду 1998-жылы аукциондо коллекционер сатып алган", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Голливуд актрисасы Анжелина Жоли Улуу Британиянын мурунку премьер-министри Уинстон Черчиллдин "Кутубия мечитинин мунарасы" аттуу сүрөтүн 11 миллион 500 миң долларга сатып, дүйнөлүк рекордду жаңылаганы маалымдалган.