АКШнын мамлекеттик департаменти 13 өлкөнүн жарандарына АКШнын аймагына кирүүгө тыюу салынган чечимди жокко чыгарды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, тизмеге Мьянма, Эритрея, Иран, Кыргыз өлкөсү, Ливия, Нигерия, Түндүк Корея, Сомали, Судан, Сирия, Танзания, Венесуэла жана Йемен кирди.
Буга чейин АКШ кыргыз паспортторунун аброю жана аларды чыгаруу процессине байланыштуу тынчсыздануусун билдирген. Аталган өлкөнү Дональд Трамп башкарып турганда Кыргыз өлкөсү чыгарган паспорттордогу коопсуздук чараларынын жетишсиздигинен улам визалык чектөөлөрдү киргизгенин айткан.
Кийин 20-январда жаңы шайланган президент Жо Байден кызматка киришери менен мурунку президенттин мындай чектөөлөрүн жокко чыгарган.
Мамлекеттик департаменттин маалыматы боюнча эми 2020-жылдын 20-январынан кийин виза үчүн терс жооп алган жарандар каттоо акысын төлөбөстөн арызын кайра кароону талап кыла алат.